Кемин районунда жаран достору тарабынан сабалып көз жумду

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Милициянын маалыматы боюнча, 20-март күнү Кемин шаарынын 3 тургуну суу сактагычтын жээгинде спирт ичимдигин ичип эс алып жатышкан. Алардын ортосунда чыр чыгып, мушташка чейин жеткен. Кесепетинен жаран достору тарабынан сабалып, ооруканага жеткирилген. Ал 2 күндөн кийин реанимация бөлүмүндө каза болгон.

Кылмышка шектүүлөр кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.