Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу алууга болот

Эми баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу алууга болот. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Туулгандыгы тууралуу күбөлүк» санариптик документи – бул туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн кагаз формасын алмаштыруучу расмий электрондук документ болуп саналат.

Ал кагаз түрүндөгү документ менен бирдей юридикалык күчкө ээ жана санарип документти мамлекеттик органдарга көрсөтүү талап кылынган бардык учурларда колдонсо болот.

Туулгандыгы тууралуу санариптик күбөлүктүн негизги артыкчылыктарынын бири – анын ыңгайлуулугу.

Иманов билдиргендей, санариптик туулгандыгы тууралуу күбөлүк жасалмалоодон коргоонун жогорку деңгээлине ээ. Эми аны каалаган ыңгайлуу убакта жана каалаган жерде колдонсо болот.

Санариптик документти колдонуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:

– бирдиктүү идентификациялоо системасында авторизациялануу (булуттук электрондук кол тамганы Калкты тейлөө борборунан бекер алуу керек);

– Tunduk мобилдик тиркемесин AppStore же PlayMarketтен жүктөө;

– Бул уттук электрондук кол тамганы колдонуу менен мобилдик тиркемеге кирүү;

– Тиркемеде «Санариптик документтер» бөлүмүнө өтүп, бул документтин санарип формасын колдонуңуз.

tuulgandygy tuuraluu Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу алууга болот