Кыргызстан-Өзбекстан: 28 документке кол коюу пландалууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр-жай жана соода министри Лазиз Кудратовду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда 2023-жылдын 26-27-январында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлуучу эки тараптуу документтер тууралуу сүйлөштү.

Шавкат Мирзиёев башында турган делегацияны тосуп алууга жана эки тараптуу жолугушууларды жемиштүү уюштуруп өткөрүүгө дыкат даярдыктар көрүлүүдө. Соода

экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өнүктүрүү боюнча иштер жүрүүдө. Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттери ортосундагы ар тараптуу бардык тармактар боюнча кызматташууларыбыз майнаптуу жыйынтыктарды бере берсин”, — деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев.

Ал эми Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр-жай жана соода министри Лазиз Кудратов “Эки мамлекеттин ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму жана эки өлкө лидерлеринин жолугушуусу жемиштүү болооруна ишенем”, — деп билдирди.

Мамлекеттик иш сапардын алкагында 18 жана “Кыргызстан — Өзбекстан” бизнес форумунун алкагында 10 документке кол коюлаары күтүлүүдө.