Жеңиш Разаков кармалды

Экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кармалды.
Маалымдалгандай, анын үстүнөн Баткен облусунун мурунку губернатору Арзыбек Бурканов арыз жазып, анын негизинде Разаков алдамчылыкка
шектелип кармалганын билдирди.
Мындан сырткары бүгүн, 25-январда Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы карала турганын айтты.
Улуттук коопсуздук кызматы Разаков алар тарабынан кармалбаганын билдирди. Ал эми Башкы прокуратура да бул тууралуу комментарий бере элек.
Эскерте кетсек, Жеңиш Разаков биринчи вице-премьер-министр кызматынан 2020-жылдын февраль айында өз арызынын негизинде кеткен. Ага чейин Баткен облусун жетектеген.

image 29 Жеңиш Разаков кармалды