“Империя пиццага” келген конокту мекеменин күзөтчүсү сабаган

“Империя пиццага” келген конокту мекеменин күзөтчүсү ур-токмокко алганын айткан.

Аида (жоопкердин өтүнүчү боюнча аты өзгөртүлдү) 22-январдан 23-январга караган түнү 6-кичи райондогу “Империя пицца” филиалында достору менен эс алып жүргөнүн билдирди.

“Достор менен чогуу ырдап, көңүл ачып отурганбыз. Анан кетээр маалы келгенде официантка эсепти сурадык. Бирок ал бизге кагаз эсебин алып келбей, сумманы айтып койду. Негизинен официант кыз өзүн орой алып жүрдү. Мен мындай мамилеге жооп кылып администраторду чакырууну сурандым. Бирок ал менин сөзүмдү укпай кароолчуну чакырам деп жооп берди. Кароолчу келип эсепти ыргытып: “Төлө” дейт, анан сөгүнүп. Биздин ачуубузга жооп катары кароолчу мени кафенин сыртына алып чыгып, сабап баштады”, – дейт ал.

Кыз күзөтчү аны чачынан сүйрөп барып сабаганын айтууда. “Мен чөгөлөп жыгылдым, ал мени досум качып кеткенде гана таштап кетти” дейт ал.

Кыз достору менен акча төлөөдөн баш тартпаганын, ошондой эле кафенин официанты жана башка кызматкерлери менен мурда чырдаша электигин белгилейт.

“Мен дагы эжеме чалдым. Биз көчөдө кароолчу менен сүйлөшүп жүргөндө ал эсепти төлөп берди”, – деп баса белгиледи кыз.

Кийинчерээк ал Октябрь РИИБине кайрылып, кароолчуга каршы арыз жазган.

«Биз кафеге милиция чакырдык. Анан администратор эртең кароолчу кечирим сурай турганын айтты. А мен арыз жазган эмесмин. Бирок эртеси Империя пиццасынан эч ким кечирим сурабай турганын айтты. Мен милиция бөлүмүнө барып арыз жаздым. Мени азырынча көрсөтмө берүүгө чакыра элек», – деди Аида.

Мекеме бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 2023-жылдын 24-январында Бишкек шаарынын 6-кичи районунда жайгашкан кафелердин биринин кызматкери М., аттуу жаранга чара көрүү өтүнүчү менен жаран кат жүзүндө кайрылган, арыз ээсинин айтымында, 21-январдан 22-январга караган түнү коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын бузуп, анын денесине залал келтирген. Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда кылмыш иликтөө иштери уланууда.