ТИМ Чолпонбай Сыдыков менен болгон окуяны тактоо үчүн казак тарап менен иштеп жатат

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Чолпонбай Сыдыков менен болгон окуянын бардык жагдайларын тактоо жана анын ден соолугуна оор залал келтирген күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча казак тарап менен тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугунун кызматкерлери Чолпонбек Сыдыковду тез жардам унаасы менен «Ак-Жол» постуна алып келе жатышат, ал жерден Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери тосуп алып, ооруканага жеткиришет.

Эске салсак, Чолпонбай Сыдыков Казакстанда массалык нааразылык акциялары учурунда кармалып, сабалган.