Игорь Шестаков: Жаңы салык кодекси тууралуу ишкерлерден жакшы пикир уга элекмин

Казакстандагы башаламандыктардын башталышына суюлтулган газга болгон баанын көтөрүлүшү себеп болуп, натыйжада жүздөгөн өмүрлөр кыйылып, шаарлар талкаланды.

Кыргызстанда да элдин керектөөлөрүнө баалардын барган сайын өсүшү байкалууда. Өлкөдө коңшу Казакстандагыдай нааразычылыктар чыгып кетпейби деген BULAK.KG сайтынын суроосуна саясат талдоочу Игорь Шестаков жооп берди.

“Казакстандагы тополоңдор – бул КМШ өлкөлөрүнүн саясий жашоосундагы ноу-хау болду десек жарашат. Анткени аны ким уюштуруп, ким жасаганы белгисиз. Өлкө үчүн жоопкерчиликти оз моюнуна алган саясий күчтөр болгон жок. Эгер бул нааразычылыктардын, тополоңдун башкы максаты азыркы президентти же Назарбаевди кулатып түшүү болсо, логикага ылайык, окуялар борбор калаа – Нур-Султанда өтүшү керек эле. Себеби, бийликтин бардыгы дал ошол шаарда жайгашкан да.

Мен элита топтору башаламандыктарды жаратты дегенге кошулам. Элитанын бүтүндүгүнүн бузулушу жана Назарбаевдин позициясынын алсырашы алардын таасирин төмөндөттү. Майлуу-сүтүү мамлекеттик кызматтардан жакын туугандары алынганын көрдүк.

Биз мындай кырдаалдан буга чейин үч жолу өттүк. Коомчулук бийликтин алмашуусу менен жашоо-турмуш жакшырбай жатышына жана миграциялык агымдын өсүп жатканына нааразы. Буга далил катары акыркы шайлоого катышкандардын санын алып карасак эле болот. Социалдык-экономикалык абалды көтөрүшү керек болгон мамлекеттик институттарга эл ишенбей деле калды.

Жаңы салык кодексинин кабыл алынышы менен кичи жана орто бизнес өкүлдөрү анчалык чоң эмес болсо да, нааразылык акцияларын өткөрө баштады. Ишкерлердин арасынан бул жаңы кодекс боюнча жакшы сөз айткандарын азырынча уга элекмин. Кичи жана орто бизнес аркылуу адамдар каражат таап, турмушун жакшыртып келишет, өлкөнүн экономикасы да дал ушул бизнеске таянат. Ал эми мамлекеттик долбоорлор иштеп чыгуу жана шайлоо алдындагы убада фазасында турат.

Пандемия учурунда мамлекет тарабынан адамдарга жана бизнеске кымындай да жардам көрсөтүлгөн жок. Эми мынтип жаңы кодекстин кабыл алынып жатышы, ишкерлер тарабынан негативдүү кабыл алынууда.

Сөссүз түрдө биздин өкмөт Казакстандын тажрыйбасын эске алышы керек. Элиталардын жана кримтөбөлдөрүнүн кармашын албаганда, коңшу өлкөдө социалдык нааразычылык болду. Ошондуктан пандемиядан кийин эл бийлик тарабынан сыйкырдуу эч нерсени күтпөйт. Карапайым калк ушул кыйын кырдаалда турмушун жакшырта турган реалдуу чечимдерди күтөт”, – деп Игорь Шестаков оюн билдирди.