Күйүүчү-майлоочу майга болгон баа жакынкы күндөрү 4-6 сомго кымбатташы мүмкүн

Бул тууралуу бүгүн, 20-январда өткөн маалымат жыйында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канат Эшатов билдирди.

Эшатов азыркы учурда Россиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордо күйүүчү майга болгон баанын жогорулашы, Кыргызстандагы кымбаттоонун негизги себептеринин бири деп атады.

«Күйүүчү майларга болгон баанын жогорулашы 2020-жылдан бери токтой элек. Мындай көрүнүш 2022-жылдын орто ченине чейин уланышы мүмкүн.

Кыргызстан мунай продуктуларынын 95 пайызын башка өлкөлөрдөн, тактап айтканда, Россиядан импорттоп, импортко көз каранды. Учурда 20га жакын нефтетрейдерлер өлкөгө күйүүчү майды Россиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдорунан алып келишет.

Жакынкы күндөрү 4-6 сомго кымбатташы күтүлөт. Мындай кырдаалга карабай Кыргызстанда күйүүчү майдын тартыштыгы жаралбайт ал эми баанын жогорулашы — бул дүйнөлүк тенденция»,-деди ал.