Кара-Балтада 4 кыз өз жандарын кыюуга аракет кылган

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 4 кыз өз жандарын кыюуга аракет жасашты. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алар ашыкча өлчөмдө дары ичишкен.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын 19-январында болжол менен саат 19:22 чамасында аймактык ооруканасынын тез жардам кызматына билдирүү келип түшкөн.

Анда Кара-Балта шаарынын 1998-жылы, 1987-жылы , 1995-жылы жана 1996-жылы туулган жашоочулары “дармекке уулануу, суицид жасоого аракет кылуу” диагнозу менен кайрылышкан жарандарга биринчи жардам көрсөтүлүп, аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Аталган факты Жайыл районуна катталып, териштирүү иштери жүрүүдө.