Акча, документтерди таап алган милиционер табылганы ээсине берди

Ош облусунун Кара-Суу жана Чоң-Алай райондорунда акчасын, документтерин жоготуп алган жашоочуларга милиция кызматкерлери жардам берди.

1266122.347d1922a0d777f894aa7dd903dcb028 Акча, документтерди таап алган милиционер табылганы ээсине берди

Маалым болгондой, 17-ноябрь күнү эртең менен Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы аялдамада ичинде 54 миң 400 сом салынган баштык (сумка) табылган. Аны Чоң-Алай РИИБдин кызматкери — милициянын кенже лейтенанты, аймактык текскөөчү Шумкар Эсенбаев таап алган.

1266064.c4d06ee0cbdb030abdf2ec6ff0655b8c Акча, документтерди таап алган милиционер табылганы ээсине берди

Ал кыска убакыттын ичинде баштыктын ээсин издеп таап, кайтарып берген. Акчанын ээси милиция кызматкерине ыраазычылык билдирди.