“300 миң доллар талап кылышкан”: Ысык-Көлдө өспүрүм баланы уурдап кетишкен

Ысык-Көлдө 12 жашка чыга турган баланы уурдап кетишти. Алар анын ата-энесинен 300 миң доллар талап кылышкан. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаты жазды.

Маалыматка караганда, 20-июль күнү Бостери айылдык милиция бөлүмүнө Аламүдүн районунун 1975-жылы туулган тургуну Д.А.К., арыз менен кайрылган. Ал Асыл-Таш пансионатында эс алып жатканда саат 08:30дар чамасында белгисиз адамдар анын уулу А.Ч.Бны уурдап кетип, байланыш каражаттары аркылуу 300 000 АКШ долларын талап кылышкан.

Бул факт катталып, «Перехват» планы жарыяланган. Учурда кылмыш иши козголду. Ошол эле күнү бала Кемин районунан табылган.