Казакстанда 29 жаштагы кыргызстандык келин кыздарынын көз алдында жан берген

Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Окуя Алматынын Мамыр конушунда 20-июлда кечинде болгон. Кошуналардын айтымында, аял үйүнүн кире беришиндеги турникке асынып алган. Бул учурда үйдө жакында эле бир жашка чыккан кичүү кызы менен ортончу кызы болгон. Улуусу чоң атасыныкында болгон.

Маркум Кыргызстандын жараны экени, ал 29 жашта экени белгилүү болгон.

Маркум Бектурсун кызы Айперинин апасы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылганын Сереп Медиа маалымат агенттиги жазып чыкты.

Анын айтымында, маркум келин Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Терек айылында туулган.

«Кызым казак жаранына турмушка чыккан. 3 кызы бар. Улуусу 2-класс, ортончусу 1-класска эми барат, ал эми кичүүсү 1 жаштан 2 жашка кетти. Мурда бизге зомбулук көрүп жатканын айтчу эмес. Бизге чалып эле «кызыңыз ооруканага түшүп калды» деп айтышты. Кийин каза болгонун айтышты. Мен кызымдын өзүн-өзү өлтүргөнүнө ишенбейм. Тышкы иштер министрлигине кайрылат элем, ушул ишке жардам берип коюшсунчу. Мен паспортумду жаңылап, Казакстанга барып, дыкат текшерүүнү талап кылат элем. «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жекирүү беренесине макул эмесмин. Азыр сөөктү алып кетүүгө 2 бир тууганы кетти»,- деди апасы.

Апасынын айтымында, кыздын ата-энесинин паспортунун жарактуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу Казакстанга кызынын сөөгүн алып келүүгө өзүлөрү бара албай калышкан.

Ал эми маркумдун бир тууганынын кызы Айпери зомбулук көрүп жүргөнүн апасына айтпай келгенин билдирди. «Туугандар менен 2-3 күн мурда сүйлөшкөн, «мен кыздарымды жакшы окуу жайда окутушум керек» деген. Жолдошунун башка аялы тууралуу да айткан экен. Таарынып келгенде 1 ай бул жакта болгон. Кыздар үчүн жашайм деп кеткен. Үч күн мурун тигүүчү машина алып, «тигип иштеп, кыздарымды багам, күйөөмдүн көзүн карабайм» деген адам кантип өзүн-өзү өлтүрсүн»,— дейт ал.

Сүрөт маркумдун апасынын уруксаты менен жарыяланды.