ВИДЕО: Бишкектеги мейманканаларынын бирине уурулукка кирген жарандар кармалды

 Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 20-июлунда ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Ленин райондук Күзөт бөлүмүнүн кайтаруусунда турган, Бишкек шаарынын мейманканаларынын бирине саат 04:18де дүрбөлөң баскычы басылып, айтылган дарек боюнча ыкчам жеткен күзөт бөлүмүнүн кармоо тобу 3 шектүү жаранды кармашкан.

Жогорудагы мейманканага караштуу дүкөндүн эшигин темир лом менен бузуп кирүүгө аракеттенген учурда мейманкананын күзөттө турган кызматкер болгон окуяны видео байкоо аркылуу көрүп дүрбөлөң баскычын баскандан кийин кармоо тобу тез аранын ичинде келип, 1998-жылы туулган А.Т.Б., жана 2006-ж.т. А.Н.Д. шектүү жарандарды кармашкан.
Кармалган шектүүлөр Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

d7045274 9bfd 4625 a5cf a60f28696315 ВИДЕО: Бишкектеги мейманканаларынын бирине уурулукка кирген жарандар кармалды

ИИМдин Басма сөз кызматы

38e57776 0b0c 42f3 8583 dac0305eef2a ВИДЕО: Бишкектеги мейманканаларынын бирине уурулукка кирген жарандар кармалды
6ab9189a 5764 4ecf b303 cbf185ef7bb9 ВИДЕО: Бишкектеги мейманканаларынын бирине уурулукка кирген жарандар кармалды
0957debc 793f 476c 9051 1f143ad39cc5 ВИДЕО: Бишкектеги мейманканаларынын бирине уурулукка кирген жарандар кармалды