Кумаркана боюнча мыйзам: 58 эл өкүлү «макул», 9 депутат «каршы»

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн кумарканалардын иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду.

Бирок, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы ача пикир жаратып, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартышкан.

Жыйынтыгында төрага Талант Мамытов көпчүлүктүн добушу менен мыйзам долбоору кабыл алынганын айтты. Мыйзам долбоору бир нече жолу добушка коюлуп, ага 58 эл өкүлү «макул», 9 депутат «каршы» деп добуш берди. Ар эми добуш бербеген депутаттардын компьютерлери жабылганын төрага Мамытов билдирди.

Ал эми депутат Адахан Мадумаров мыйзам төрт жол добушка коюлуп, андан кийин кабыл алынганы да туура эмес деп баалады.