Жумгалда курман болгон милиция кызматкерлеринин жаркын элесине арналган спорттук мелдеш өткөрүлдү

Нарын ОИИБи: Жумгалда курман болгон милиция кызматкерлеринин жаркын элесине арналган спорттук мелдеш өткөрүлдү.

Жумгал районунда эмгегин элинен аябаган милиция кызматкерлери эскерилип, алардын жаркын элестерине арналып кичи футбол мелдеши өткөрүлдү. Мелдеш Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн ардагерлер кеңеши тарабынан уюштурулуп, ага жалпы 8 команда катышты.

Мелдештин жалпы байге фонду 20 миң сомду түзүп, беттешке райондук мекеме ишканалардын кызматкерлеринен куралган командалар күч сынашты.

Жумгал РИИБнин ардагерлер кеңешинин төрагасы Мирлан Сейитназаровдун айтымында, бул иш-чара жылдын башына пландалган.

“Бул иш-чара жыл башында иш мерчем кабыл алып, мерчемге ушул өтүп кеткен кызматкерлерди жаркын элесине арналган кичи футбол киргизилген. Бүгүнкү күндө райондук ички иштер бөлүмү менен бирдикте ишке ашырылып жатат. Көзү өткөн 4 кызматкердин жаркын элесин эскерип жатабыз. Бүгүнкү күндө 8 команда катышып жатат, байге фонд 20 миң сомду түздү”,- деди ал.

Кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлеринин жаркын элесине арналган спорттук мелдеш райондук ички иштер бөлүмү, ардагерлер кеңеши тарабынан байма бай өткөрүп келет. Бул жолку спорттук оюн да күчтүү атаандаштыкта жүрүп, катышуучулар ыраазычылыктарын билдиришти

Мелдештин жыйынтыгында 1-орун Кара-Кече филиалынын командасына, 2-орунду Банк кызматкерлерине ал эми 3-орун ак халатчандарга буюрду. Жеңүүчүлөргө кубок, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы

WhatsApp Image 2022 06 24 at 07.37.46 Жумгалда курман болгон милиция кызматкерлеринин жаркын элесине арналган спорттук мелдеш өткөрүлдү
WhatsApp Image 2022 06 24 at 07.37.49 Жумгалда курман болгон милиция кызматкерлеринин жаркын элесине арналган спорттук мелдеш өткөрүлдү
WhatsApp Image 2022 06 24 at 07.37.47 1 Жумгалда курман болгон милиция кызматкерлеринин жаркын элесине арналган спорттук мелдеш өткөрүлдү