ИИМ: Адам сатууга каршы күрөшүүдө маморгандар менен коомдук уюмдардын кызматташуусу маанилүү роль ойнойт

Адам сатуу көйгөйү коомчулуктун көңүлүн бурган объект экенин эске алуу менен мындай көрүнүштөргө каршы күрөшүүдө мамлекеттик институттар, ички иштер органдары, жарандык коом уюмдары тарабынан олуттуу аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп кетүү керек.


Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын, укук коргоо органдарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын иш-аракеттеринин бирдиктүүлүгүн камсыздайт.
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин демилгеси менен “Адам сатууну бирге токтотолу” аталышындагы 100 күндүк маалымат кампаниясы өткөрүлгөн. Иш-чаралар планы ички иштер министрлиги тарабынан башка министрликтер, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар менен биргеликте иштелип чыккан. Жыл сайын кезектеги кампаниянын темасы аныкталып турат.


Жыл сайын 30-июлда Адам сатууга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет. Биринчи жолу бул өзгөчө датаны адам сатууга каршы эл аралык күн деп жарыялоо чечими 2013-жылдын 18-декабрында кабыл алынган жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясында расмий түрдө бекитилген.
Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун курмандыктарына жолдомо берүү боюнча Улуттук механизмдин долбоорун иштеп чыккан. 2019-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №493 токтому менен кабыл алынган.


Аны ишке ашыруу максатында 15 ыйгарым укуктуу орган үчүн адамдарды сатуунун курмандыктарын аныктоонун жана жөнөтүүнүн типтүү операциялык жол-жоболору иштелип чыгып жана жабырлануучулар менен иштөө боюнча адистешкен 19 коммерциялык эмес уюмдардан турган Улуттук маалымат базасы түзүлгөн.


Учурда ички иштер органдары тарабынан адамдарды сатууга байланышкан кылмыштардын алдын алуу, бетин ачуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралар улантылып, жазык-процессуалдык мыйзамдарга ылайык, мындай кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан адамдарды сатуу фактыларын аныктоого, биздин жарандарды эмгек жана сексуалдык жактан эксплуатациялоо үчүн чет өлкөгө алып чыгуу максатын көздөгөн каналдарды аныктоого жана бөгөт коюга багытталган ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иш-чаралары системалуу түрдө жүргүзүлүп келет.
Учурда РИИБдин тергөө кызматтарынын өндүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси «Адам сатуу» менен козголгон эки кылмыш иши (ушул жылдын маалыматтары) бар. Адам сатуу фактылары боюнча кайрылуулар жана билдирүүлөр Бишкек жана Ош шаарларынын аймактык ички иштер бөлүмдөрүндө катталат. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Адам сатууга каршы күрөшүүдөгү эң актуалдуу жана натыйжалуу стратегиялардын бири бул алдын алуу болуп саналат. Бул жагынан жаштардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл, анткени алар калктын аялуу катмарынын бири.
Ошол эле учурда жарандарды адам сатуунун курмандыгы болуп калбоо үчүн өздөрүн коргоону жана мындай жагдайлардан алдын ала эскертүүнү сунуштайбыз: шектүү жумуш сунуштарынан качыңыз, документтериңизди эч кимге бербеңиз, башка өлкөгө барганда өзүңүздүн жүргөн жериңиз тууралуу маалыматты туугандарыңызга жана досторуңузга бериңиз, Кыргызстандын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн байланыш маалыматтарын тактаңыз.


ИИМдин Басма сөз кызматы