Кумтөргө экскурсияга барса болот, баасы 500 доллар

Кумтөр алтын кенине экскурсия уюштурулат. Бул тууралуу Бишкектеги басма сөз жыйынында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башчысы Елена Калашникова билдирди.

Маалыматка ылайык, фонд бүгүн “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги менен атайын келишимге кол коет.

“Каалагандар экскурсияга жазылып, кенди өз көзү менен көрө алышат”, — деди Калашникова.

Экскурсиянын болжолдуу баасы 500 долларды түзөт.