Криминалист Мирлан Чечеев: Болот Темировдон табылган зат “каннабистин чыйыры”

Бүгүн, 24-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон ишти кароо уланууда. Анда судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп, бирок канааттандырылган жок.

Буга чейин жактоочулар күч кызматкерлеринин көрсөтмөсүн ачыктоо өтүнүчүн келтиришкен. Иште ал көрсөтмөлөр «жашыруун» деген статус менен сотко өткөн. Сот ал материалдар менен таанышууга жарым-жартылай уруксат берген.

Калаанын криминалисти Мирлан Чечеев Болот Темировдон табылган наркотикалык заттар боюнча суроолорго жооп берип жатып, Темировдон “каннабистин смоласы” табылганын билдирген.

“22-январда мен жумушка саат беш жарымда чыктым, дежурдук эксперт мага эки жумуш бар экенин телефон аркылуу айтты.Биз алгач Сухомлинова көчөсүнө бардык, биз үйд8 тартып кайра жумушка бардык. Жолдо бара жатканда башка кесиптешим чалып, мага камераны алып келүүнү суранды, себеби анын батарейкасы отуруп калган экен. Мен Логвиненко көчөсүнө бардым, ал жакта абдан көп адамдар топтолгон болчу. Мен ал жакта 20-10 минутадай болдум, – деди Чечеев.

Криминалист эки аныктоочу буюм алып келген, мен аларды толук изилдедим. Алар “каннабистин смоласы” экени далилденди.

Быйыл январь айында Бишкек шаардык милициясы Темировго карата Жазык кодексинин “Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Ал эми 20-апрелде Болот Темировго карата Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” боюнча дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.