Жалал-Абад шаарында жаш кызды катуу тепкилеп сабап жаткан кыздын видеосу тарады

Жалал-Абад шаарындагы мэриянын алдында жаш кызды катуу тепкилеп сабап жатканы чагылдырылган видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Видеодо белгисиз кыз өзү менен тең чамал кызды тепкилеп, сабагандыгы көрсөтүлгөн. Тасмада кыз бирөөгө чалып, “Мен Мадинамын” деп айтып жатканын угууга болот.

Сабап жаткан кыз ошондой эле, сабап жаткан кызды милициялардан коргоп жүргөнүн айткан.