БМВ үлгүсүндөгү автоунаанын алдыңкы терезесине секирип сындырган жаран изделүүдө

Чүй облустук милициясы БМВ үлгүсүндөгү автоунаанын алдыңкы терезесине секирип сындырган жаранды издеп жатат.

Социалдык тармактарда тараган видеодо, окуя 23-июнда болгон. Тасмада көчөнү өтүп бара жатканда унаанын алдына басып барып, жөө жүргүнчү алдыңкы терезеге секирип, анын буту салонго чейин кирип кеткен.

Аталган факт атайын рээстрге катталып, аны издөө боюнча бардык иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.