Ошто оор жүк ташуучу унаа адамдарды басып калды, каза болгондор бар

Ош шаарында оор жүк ташуучу унаа адамдарды басып калды, каза болгондор бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

4d48213a 4475 454d 8f6e eb90adb7ab84 Ошто оор жүк ташуучу унаа адамдарды басып калды, каза болгондор бар

Алдын ала маалымат боюнча, Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып адамдарды басып калган. Кырсыктан 3 жаш бала каза болгон (аты-жөндөрү такталууда).

Жеринде 9 куткаруучу иш алып барууда.

Мындан сырткары, кырсык катталган жерге милиция, тез жардам кызматы тартылган.

Кырсык тууралуу кошумча маалымат берилет.