Камактагы Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекованын жакындары Садыр Жапаровго кайрылды

Кызматтан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси, Караколдогу тергөө абагында жаткан Мээрим Тилекованын жакындары президент Садыр Жапаровго кайрылды. Алар келиндин ден соолугу начар экенин айтып, үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирген.

Мээрим Тилекова ушу тапта Караколдогу тергөө абагында камакта.

«Балдары аябай куса болуп, азыркы учурда «апам кайда?» деп ыйлап жатат. Апаң жумушта деп алдасак укпай калышты, акыркы учурда шылтообуз да түгөндү. Мээрим камалгандан бери ооруп, эки жолу ооруканага жатты. Анда да көрө албай, тамак-ашты сырттан эле берип келдик. Сот, тергөө баары жабык өтүүдө. Кечээ Каракол шаарына тынчтык митингине 14-июндагы соттун чечимине нааразы болуп чыкканбыз», — деди камактагы келиндин бир тууганы Тотугүл Асылбекова.

Жактоочу Тимур Жумабековдун айтымында, Жазык процессуалдык кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Тилекованы соттун чечими менен экинчи жолу камакта калтыруу мыйзамга туура келбейт.

«Ысык-Көл облустук соту 23-майда Тилекованы 17-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарып, Караколдогу №23 тергөө абагына киргизилген. Тергөөчү жаза мөөнөтү аяктарына беш сутка калганда анын камактагы мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүч киргизиши керек эле. Мөөнөтүн өткөрүп жибергенине карабай, 14-июндагы өтүнүчтүн негизинде камактагы мөөнөтү дагы бир айга узартылган. Сот бул өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырышы керек болчу деп апелляциялык даттануу жаздык. Соттук тактиканы да түшүндүрүү керек экенин айтып, Жогорку сотко кайрылдык”.

Шектүүнүн жакындары бөгөт чарасына байланыштуу сот чечимин жокко чыгаруу арызы менен Ысык-Көл облустук сотуна кайра кайрылышкан.

«Соттун токтомунун негизинде Тилекованын баш коргоо чарасы дагы бир айга узартылган. Биз бул чечимге нааразы болуп, апелляциялык арыз менен Ысык-Көл облустук сотуна кайрылганбыз. Сот ишти кайра качан карары тактала элек. Убактысы такталары менен кайра соттук отурумга катышабыз. Азырынча менде ушул маалымат эле бар», — деди Жумабеков.

Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде 17-майда кармалган.

Буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев 12-майда Жети-Өгүздө медайымдардын кесиптик майрамы кафеде белгиленгенин, мурда орун басарынын катчысы болуп иштеген Тилекованы УКМК кызматкерлери ошол жерден кармап кетүүгө аракет кылганын, ага карата күч колдонуу аракети болгонун “Азаттыкка” билдирген.

Кимден пара талап кылганы тууралуу жактоочусу маалымат берген жок.

«Мээримге 12-майда Ысык-Көл облусундагы медайымдардын майрамын уюштуруу иши тапшырылган. Каракол шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси сиңдим менен чогуу медайымдардын чогулткан акчасын кафенин ээсине беришкен. Ал 100 миң 500 сомдон акыны арзандаттым деп, Мээримге 5,5 миң сомун кайтарып берген. Ошол учурда экөөнү тең кармап жатышпайбы. Берки дарыгер үй камагына чыгып кетиптир. Мээрим эч кандай пара алган эмес», — деди бир тууганы Тотугүл Асылбекова.

Эки баласы бар Мээрим Тилекованын ишин учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тергеп жатат. Иштин жагдайы тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматына кайрылып, маалымат ала албадык.

Бир нече күн мурда Тилекованын жакындары Акыйкатчы институтуна кайрылган. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова аялдардын бөгөт чарасын кароодо эл аралык стандарттар бар экенин белгилеп, бирок Кыргызстанда ал сакталбай жатканын сындады.

«Аялдарга кылмыш иши козголгондо бөгөт чарасы боюнча эл аралык стандарттарга ылайык өзгөчө жагдайларда гана камакка алынышы керек. Аял мурда соттолбосо, кичинекей балдары болсо, камакка алган туура эмес. Тилекке каршы, бизде калыптанып калган система андай себептерди эске албайт экен да. Биз Баткенде камалган блогер Батмакан Жолболдуева боюнча аны камакка алуу мыйзамсыз, стандарттарга туура келбей турганын айттык. Аялды камакка алуу аябай оор кылмыш кылган кырдаалда гана болорун айтсак, көңүл бурбай коюшпадыбы».

Тилекова кармалгандан көп өтпөй, 2-июнда COVID-19га каршы вакцина сатып алуудагы жемкорлукка шектүү катары саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, орун басары жана министрликтин бөлүм башчылары кармалган.

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге “коррупция”, “опузалап пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү” деген беренелердин негизинде жети кылмыш ишин козгогон.

Булак: «Азаттык»