Акылбек Жапаров эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиону, 9-класстын окуучусу Элина Бакытовага 150 миң сом берди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиону, 9-класстын окуучусу Элина Бакытова менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, буга чейин Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Интернационал айылындагы жаңы спорт комплексинин ачылыш аземинде министрлер кабинетинин башчысынан эркин күрөш менен алектенген жаш спортчуга материалдык колдоо көрсөтүү өтүнүчү айтылган.

Элина Бакытовага 2022-жылдын июль айынын биринчи он күндүгүндө Бахрейн Королдугунда өтө турган Азия чемпионатына катышуу үчүн каражат керек.

Жапаров жаш спортчуга министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан 100 миң сом жана өзүнүн айлыгынан 50 миң сом бөлдү, деп билдирди басма сөз кызматы. Ага спортто ийгиликтерди, алдыга койгон максаттарына жетишин жана чың ден соолук каалады.