Ош-Дели каттамы 17 жолу асманда айланып учууга мажбур болгон

Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ош аэропортунан саат 18:50 дө Аэрономад компаниясынын Ош-Дели каттамына учуучу самолету техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу 17 жолу асманда айланып учууга мажбур болуп техникалык жактан мүчүлүштүктөр ордуна келбегендиктен кайрадан Ош аэропортуна келип конгон.

Учакта 200дөн ашуун жүргүнчү болгон. Эч ким жабыркаган эмес. Жүргүнчүлөр менен тийиштүү кызматтар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Милиция коомдук тартипке көзөмөл жүргүзүүдө. Тийиштүү адистер техникалык мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча ыкчам иштерди жасап жатышат.