Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Ата мекендик багбанчылык чарбаларын колдоо жана 2026-жылы өстүрүлгөн алманын түшүмүн өз убагында сатууга шарт түзүү максатында алма импортуна убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Тыюу салуу 2027-жылдын 1-февралына чейин колдонулат.

Бул чара 2026-жылдагы ата мекендик түшүмдү күз-кыш мезгилинде, анын ичинде 2027-жылдын январь айында сатууга шарт түзүүгө, жергиликтүү багбанчылык чарбаларынын кызыкчылыктарын коргоого жана продукциянын сатылбай топтолуу тобокелдигин азайтууга багытталган.

Кыргызстанда мөмө берүүчү алма бактарынын жалпы аянты 26 324 гектарды түзөт. 2026-жылы алманын түшүмү 179 393 тоннага жетери болжолдонууда. Түшүмдү өз убагында сатуу фермерлердин өндүрүштүк чыгымдарын жабууга, бактарды күтүүгө жана кийинки айыл чарба сезонуна даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстанга 6 438,9 тонна алма импорттолгон. Анын негизги бөлүгү Польшадан – 3 554,1 тонна, Кытайдан – 1 696,8 тонна жана Өзбекстандан – 859,7 тонна келген.