“Строймаркет” соода борборундагы денеге залал келтирүү фактысы боюнча шектүү камакка алынды

2022-жылдын 11-июнь күнү Жалал-Абад ШИИБне Жалал-Абад шаарынын тургуну 1986-жылы туулган К.М. арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 12:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын, Московская көчөсүндө жайгашкан “Строймаркет” соода борборунда ага бейтааныш болгон азиат улутундагы бала эшик орнотуудагы баасы менен келише албай, колунун оң муштуму менен бетине уруп жаагын сындырып койгондугун көрсөтүп, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

WhatsApp Image 2022 06 18 at 20.01.34 1 1 “Строймаркет” соода борборундагы денеге залал келтирүү фактысы боюнча шектүү камакка алынды


Алдын ала алынган медициналык тактамага ылайык жабырлануучуга (К.М.) “перелом верхней челюсти” деген диагноз коюлган.
Аталган факты боюнча чогултулган материал Жалал-Абад ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 131-бер. (Денеге залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон жана тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө арызда көрсөтүлгөн “Тилек” аттуу жаран Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын тургуну, 1991-жылы туулган Б.Т.А. экендиги такталган жана шектүү туугандарынын үйүндө жашырынып жүргөн жеринен кармалып, тергөөгө камсыздалган.

WhatsApp Image 2022 06 18 at 20.01.35 “Строймаркет” соода борборундагы денеге залал келтирүү фактысы боюнча шектүү камакка алынды


Тергөөдө сурак жүргүзүлүп, шектүү катары кабарлама берилип, КРнын ЖПКнын 96-97-беренелеринин негизинде камакка алынып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


ИИМдин Басма сөз кызматы

WhatsApp Image 2022 06 18 at 20.01.34 “Строймаркет” соода борборундагы денеге залал келтирүү фактысы боюнча шектүү камакка алынды