Ленинград облусунда кыргызстандык жаранды айдоочу унаасы менен өлтүрө сүздү

Орусиянын Ленинград облусунда кыргызстандык жаранды айдоочу унаасы менен өлтүрө сүздү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Всеволожск шаарында айдоочу 42 жаштагы кыргызстандыкты сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Натыйжада мекендешибиз алган жаракатынан улам каза болгон.

Айдоочуга карата Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси «Жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу, байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү» боюнча кылмыш иши козголду. Сүзгөн адам табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Окуяны КРнын Санкт-Петербургдагы элчилигинин кеңсеси өзгөчө көзөмөлгө алды. Дипломатиялык өкүлчүлүк каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн мекенине алып келүүгө көмөктөшөт.