Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыкты

Коррупцияга шек саналып, кызматтан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыкты.

Маалыматка караганда, мындай чечим Бишкек шаардык сот тарабынан бүгүн, 16-июнда кабыл алынган.

Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда коррупцияга шек саналып кармалып, бир айга камалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш ишин козгогон. Мындан соң президент Жапаров Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишинин жагдайларын иликтөө үчүн атайын комиссия түзгөнүн айткан.