Кадамжайда курал-жарак сакталган жай табылды

Кадамжайда курал-жарак сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын иликтөө иш-чаралар жүргүзүлгөн.

2397f204 1e5d 4daa a6ed 03feedd1f964 Кадамжайда курал-жарак сакталган жай табылды

Анын натыйжасында Кадамжай районунун тургуну Э.Р.Б. кармалып, жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлгөн.

«Тинтүүнүн натыйжасында 220дан ашуун (5,45, 7,63), ар кандай калибрдеги ок-дарылар, 3 даана ок атуучу курал, 1 даана Ф-1 гранатасы, 230 даана ок, АК-74 магазини, мылтык үнүн баскычы табылып алынды», — деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы учурда Э.Р.Б. Кадамжай РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү процессуалдык иш-аракеттер көрүлүүдө.