Москвада Улан Ниязбеков менен Владимир Колокольцев укук коргоо чөйрөсүндөгү кыргыз-орус кызматташтыгын талкуулашты

ИИМ: Москва шаарында Улан Ниязбеков менен Владимир Колокольцев укук коргоо чөйрөсүндөгү кыргыз-орус кызматташтыгын талкуулашты

2022-жылдын 15-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков менен Россия Федерациясынын Ички иштер министри Владимир Колокольцев жолугушту. Жолугушуу учурунда кызматташтыкты бекемдөөдөгү мындан аркы кадамдар талкууланып, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча өздөрүнүн пикирлерин билдиришти.


Расмий бөлүктүн алдында Владимир Колокольцевге Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы – “Достук” орденин тапшырды. “Биз достук мамилелерди жогору баалайбыз. Кыргызстандын Президенти тарабынан сизди биздин өлкөлөрдүн достук мамилелерин бекемдөөгө, укук коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү чыңдоого кошкон салымыңыз үчүн мамлекеттик сыйлык – “Достук” ордени менен сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Орден элдердин достугунун символу болуп саналат”, – деди Улан Ниязбеков.

WhatsApp Image 2022 06 15 at 16.36.49 1 Москвада Улан Ниязбеков менен Владимир Колокольцев укук коргоо чөйрөсүндөгү кыргыз-орус кызматташтыгын талкуулашты


Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер талкууланды. ИИМдин башчысы бүгүнкү күндө Кыргызстанда ички иштер органдарында оң өзгөрүүлөр бар экенин баса белгиледи. Милициянын көнүмдүк иши кайрадан иштелип чыгып, ар тараптуу өнүгүү үчүн кадамдар жасалып жатат жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Ааламдашуу доорунда ыкчам жана тергөө кызматтарынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү талап кылынууда. Кыргызстандын ички иштер министрлигин реформалоонун алкагында жарандардын ишенимине ээ болуу үчүн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүлөр жаңы деңгээлге жетти. Ички иштер министрлиги башка мамлекеттик органдар менен биргеликте калк үчүн жагымдуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө бардык күч-аракеттерди жумшоодо.


Андан соң маанилүү маселелердин бири болгон баңгикылмыштуулугуна каршы аракеттенүүнү талкуулашты. Эки өлкөнүн ИИМ башчылары баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндө каржылык жана материалдык жардам көрсөтүү программасынын биринчи фазасын ишке ашыруунун жыйынтыктарын талкуулашты. Программаны ишке ашыруу мезгилинде (2020-жылдын апрелинен баштап) көрсөткүчтөр бир нече эсеге өскөн. Эгерде 2018-2019-жылдары 503 кг болгон баңгизаттын оор түрү табылып алынса, 2020-2021-жылдары 1 тоннадан ашык баңгизаты табылып алынган. Ошондой эле, 3 жашыруун баңги лабораториясы, 2 кара куурай тобуна кирген баңгизаттарын өндүрүү боюнча жана 1 синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү боюнча лабораториянын ишмердүүлүгү жоюлган. Баңгикылмыштуулугуна каршы натыйжалуу аракеттенүү үчүн биргелешкен күрөштү өркүндөтүү, анын ичинде тажрыйба алмашуу, кызматкерлерди окутуу, бирдиктүү атайын окутууларды өткөрүү керектиги айтылды. Эске салабыз, 2021-жылы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштө учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча биргелешкен кыргыз-орус окутуулары өткөн. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Улан Ниязбеков программаны кийинки 2023-2025-жылдарга узартууга кызыктар экенин билдирди.


Улан Ниязбеков укук коргоо ишмердүүлүгүнүн тенденцияларын эске алуу менен кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүнө да токтолуп, Россия Федерациясынын ИИМдин жогорку окуу жайларынын жогорку билим берүү потенциалы ички иштер органдарынын кызматкерлерин даярдоодо кызыгууну жаратып жатканын белгиледи. Жогорку квалификациялуу адистерди, өзгөчө тар багыттагы (IТ-технологиялар, киберкоркунучу, баңгикылмыштуулугу) адистерди даярдоо муктаждыгы жана Россиянын ИИМдин окуу жайларына кабыл алуу квоталарын бюджеттик негизде көбөйтүү мүмкүнчүлүгү айтылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Улан Ниязбеков жалпы багыттагы кылмыштарды алдын алуу, бөгөт коюу, бетин ачуу, тергөөдөн жана соттон качкан адамдарды издөө (кылмыш иликтөө, криминалдык полиция) тапшырмаларын аткарган ыкчам кызматтардын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңешмесин өткөрүүнү сунуштады. “Глобалдашуу доорунда ички иштер органдарынын ыкчам кызматтарынын ишмердүүлүгү өркүндөтүүнү, иш-аракеттеринин ырааттуулугун талап кылууда. Ал эми ыкчамдык-бул бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө негизги милдетке кирет. КМШнын ички иштер министрликтеринин ыкчам кызматтарынын башчыларынын кеңешмеси кылмыштуулук менен күрөшүүдө ийгиликтүү кызматташууну ыкчам ишке ашырууга түрткү берет деп ойлойм. Анткени, улуттар аралык мүнөздөгү кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө (баңгикылмыштуулугу, IT чөйрөсү, автотранспорт каражаттарын уурдоо ж.б.) ички иштер органдарынын ыкчам бөлүмдөрүнө баа жеткис роль берилген”,-деп билдирди Улан Ниязбеков.


Андан сырткары, укук коргоо ведомстволорунун башчылары мамлекеттер аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү, анын ичинде изделип жаткан адамдарды аныктоо жана кармоо үчүн видео талдоо тутумдарын колдонуу маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун аягында тараптар укук тартиби жана коопсуздук чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташтыкты жогору баалашты жана мындан ары натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.

WhatsApp Image 2022 06 15 at 16.36.49 2 Москвада Улан Ниязбеков менен Владимир Колокольцев укук коргоо чөйрөсүндөгү кыргыз-орус кызматташтыгын талкуулашты