Адылбек Касымалиев кызматка барды

Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров Жарлыкка кол койду, ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Касымалиев Адылбек Алешович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Жарлык менен анын талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга киргизүү жөнүндө токтом кылынат.