Мурдагы мэр Айбек Жунушалиев кызматка дайындалды

Мурдагы мэр Айбек Жунушалиев Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин  даярдоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Жунушалиев Айбек Жанышбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды жана ал буга чейин ээлеген кызматынан бошотулду.