Next TVнын директору Таалай Дүйшенбиевдин бөгөт чарасы каралды

Бишкек шаардык сотунда Next TVнын директору Таалай Дүйшенбиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча маселе каралып, райондук соттун чечими күчүндө калтырылды.

Соттун чечимине ылайык, УКМКнын тергөө абагында калтырылды. Биринчи май райондук соту 29-майда Next TV телеканалынын директорунун бөгөт чарасын карап, абактагы мөөнөтүн дагы бир айга узарткан.

Бүгүнкү соттук отурум жабык каралып, судьянын чечими менен видео-сүрөт тартууга уруксат берилген жок.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Таалай Дүйшембиевди 3-мартта камаган. Ушул эле күнү телеканалга “улуттар аралык кастыкты козутту” деген берене менен кылмыш иши козголуп, телеканалдын кеңсесине мөөр басылган.