Депутат Жеңишбек Токторбаев: Отунбаева менен Жээнбеков бюджеттин эсебинен кайтарылбаш керек

“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясынан депутат Жеңишбек Токторбаев УКМКнын тогузунчу кызматынын башчысы Жумгалбек Шабданбековго суроону ЖКнын жыйынында узатты: “Урматтуу Жумгалбек Кумарович, экс-президенттерден кимдерди кайтарасыңар?, – деген суроону берди.

“Роза Исаковна жана Сооронбай Шариповичти” деген жооптуу укканда ага “за какие заслуги?”, барып Кара-Кулжага кой кайтарбайбы? Эмне кылгандыгы үчүн аларды кайтарып жүрөсүңөр. Мамлекет карызга батып, акчаны таба албай жатсак, – деди депутат

УКМКнын 9-кызматынын башчысы Жумгалбек Шабданбеков аларда экс макамы болгондуктан сакчы берилгенин билдирди.

YouTube video