Акылбек Түмөнбаев: Жээнбековдон экс-президент макамын алуу керек

Депутат Акылбек Түмөнбаев «эмне үчүн Жээнбековдон экс-президент макамын алуу керек?» деген суроонун айланасында журналисттерге комментарий берди.

Анын айтымында, Жээнбеков өз мөөнөтүн Атамбаев менен кармашып өткөрүп жиберди.

«Жээнбеков президенттик мөөнөтүн толугу менен аягына чыгарган жок. 2020-жылдын октябрь айында эмне болгонун өзүңүздөр билесиздер. Мындан тышкары 3 жыл президент болуп турган мезгилде мамлекет үчүн кызмат кылбай, өзүн президент кылган адам менен кармашып, башка иши жок сыяктуу отуруп калды. Бүгүнкү күндө мамлекеттин артка кетип, кайра алдыга жылбай жатканынын бир себеби ошол»,-дейт Түмөнбаев.