Жаңы көз жарган Айназик жардамга муктаж

15 жашында эне болгон Айназик жардамга муктаж. Анын уулу эки жумалык. Бул тууралуу соцтармак колдонуучусу Назгул Пирматова жазды.

Анын айтымында, 14 жашында аны зордуктап койгон жаран азыр үй камагында.

«Эч кимге керек эмес жана үй-бүлөсүнөн эч ким жардам колун сунбайт! Учурда балага керектүү нерселерди сатып алдык: памперс, нымдуу салфетка, жуунуучу гел, дене сүтү, түтүкчө үчүн респиратор. Апаны кафеде тамактандырдык. Балдар үйүнө кайтып келсе, баланы ымыркайлар үйүнө жайгаштырышат деп коркот. Аны жоготуп алуудан абдан коркот. Өз апасынан бала кезинде жаракат алып, оң колу майып, сөөктөрү кыйшайып, колу өнүкпөй калган. Сол колу нормалдуу. Кыз сабаты жок, кыйналып жазат, окуйт

Азыркы учурда көп нерсе керек:

Памперстин өлчөмү 1, коляска, балага жана апага керектүү нерселер, төшөк, килем, казан, идиш (үйдү ижарага алса)

Мбанк же башка банктын кандайдыр бир картасы жаш курагына байланыштуу ачылбайт. Анын номери 0706-014-624, Айназик»,-деп жазат ал.