Сооронбай Жээнбековдун тууганы Гүлзат Кантөроевага ачылган иш тергелип жатат

Мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун тууганына байланышкан тергөө иштери улантылып жатат. Бул бүгүн, 19-октябрдагы брифинг учурунда ИИМдин Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, бул факт 26-мартта Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен катталган. Шектүү — Гүлзат Кантөроева С.Жээнбековдун маркум агасынын кызы.