Улан Жапаров президент Садыр Жапаровдун тууганы экени тастыкталды

Коррупция шектелип кармалган Улан Жапаров президент Садыр Жапаровдун тууганы экенин өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады. 

“Кармалган Улан Жапаров боюнча, ал чындап эле мамлекет башчысынын тууганы экенин билдиребиз. Ал бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деп шектелүүдө.

Муну билген соң президент Жапаров кылмышка шектүүлөргө бардык мыйзамдуу чараларды көрүүнү жеке өзү талап кылган.

Бул окуя коррупцияга каршы күрөштө тандалма мамиле жок экенин дагы бир жолу көрсөтүп турат.

Ар бир жаран анын үй-бүлөсүнө же башка байланышына карабастан, кылмыш же укук бузуу жасаган учурда мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.

Эгерде иш коррупцияга байланыштуу болсо, анда келтирилген зыяндын ордун милдеттүү түрдө толтурат. Бул мамлекет башчысынын талабы”, – деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көл районунун Кең-Суу айылынын тургуну 32 жаштагы Улан Жапаров коррупцияга шектелип кармалганы маалымдалган. Ал 26-июлга чейин соттун чечими менен камакка алынган.