Россияда кыргызстандык таксист кардарын зордуктоого аракет кылган

Россияда “Миссис Сибирь – 2016” сулуулар сынагынын финалисти 47 жаштагы Виктория Головко кыргызстандык таксистти зордуктоого аракет кылган деп айыптады. Бул тууралуу Россиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

“Аргументы и факты” гезитинин 5-июлдагы маалыматына караганда, окуя Новосибирск шаарында болгон. 10-июнга караган түнү Головко жолдошу менен туулган күнүн ресторанда белгилешкен. Таңкы саат бештер чамасында күйөөсү аялына такси чакырып, өзү жумушуна кеткен. Аялдын айтымында, ал ачкычын издей баштаганда таксист ага кол салган.

“Ал алдыңкы отургучтан менин тиземе секирип отура калды. Ал менин эмне үчүн мынчалык жарашыктуу кийинип алганымды жана майрамга эмне себеп болгонун сурады”, – деген Головко журналисттерге.

Анын айтымында, кыргызстандык таксист анын көйнөгүн айрып, ич кийимин чечкиси келген. Аял ага каршылык көрсөтө баштаганда, ал анын оозун жарып салган. Головко белгилегендей, эгерде жакындап келе жаткан унаа болбогондо, таксист аны зордуктап салмак.

Натыйжада полиция кызматкерлери тарабынан 18-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (Зордуктоого аракет кылуу) менен шектүү делип кыргызстандык жаран кармалган. Ал күнөөсүн мойнуна алган эмес. Анын айтымында ал жолдо уктап калган аялды ойготууга аракет кылганын билдирген.