“Эгер сиздер митингге ушинтип чыксаңар, эртең мени колдоп дагы миңдеген жарандар чыгат”, – Атазов

Бүгүн, 15-июнда Ак үйдүн алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат. Чогулгандар «Эркин айым — өнүккөн өлкө», «Атазов мандатыңды тапшыр!» деген жазууларды кармап турушат. Ак үйдүн алдына чыккан жарандарга депутат Атазов чыкты. Депутат менен бирге анын кесиптештери Айбек Осмонов жана Марлен Маматалиевдер да аны колдоп чыгышты.

12774d9e e7cc 4c12 acf2 34dd3d25623d "Эгер сиздер митингге ушинтип чыксаңар, эртең мени колдоп дагы миңдеген жарандар чыгат", - Атазов

Митингдин катышуучуларына чыккан Атазов чогулгандардын кадамын сынга алып, нааразы пикирин билдирди.

«Биздин өлкөдө кыздардын укутары корголуусу керек. Биз депутат катары өз сунушубузду, пикирибизди айтып жатабыз. Бизге Россиядан кайрылуулар келип жатат, алар «бул жакта кыздар кордолуп жатат, жумушу жок калууда, өлүгү кетүүдө» деп айтып жатышат. Мен эртеңки күндө эне болчу жаш 18 жаштагы кызды коргоюн деп жатам. Башка жакка барып кор болбосун деп жатам», — деди депутат.

e13ef41a 6193 4f56 b8fd fc2917d9fa79 "Эгер сиздер митингге ушинтип чыксаңар, эртең мени колдоп дагы миңдеген жарандар чыгат", - Атазов

«Атазов мандатыңды тапшыр!» деген жазууну атазовдун тарапташтары айрып салса да, митингге чыккандар кайра аны колго алып депутаттын мандатын тапшыруусун талап кылышты.

Депутат Шайлообек Атазовдун айтымында, митингге чыккандар атайын кимдир бирөө тарабынан атайын даярдалган кадам болуп жатат. “Эгер сиздер митингге ушинтип чыксаңар, эртең мени колдоп дагы миңдеген жарандар чыгат”, – деди депутат.