Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган он сегиз жаштагы өспүрүм куткарылды

Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган өспүрүм куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 06:35 чамасында Логвиненко көчөсүндөгү көп кабаттуу имараттын 10-кабатынан белгисиз жаран өз өмүрүнө кол салганы жатат деген маалымат 112 кызматынан түшкөн.

Окуя катталган жерге 5 куткаруучусу тартылып, 18 жаштагы кызды түшүрүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп беришкен.