Равшан Жээнбеков суракка чакырылды

Мурунку депутат, оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу саясатчы өзү билдирди.

Анын айтымында, ал саясий талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу билдирүүлөрү үчүн чакырылган.

“Эгерде мен калп айтсам, мага карата кылмыш иши козголорун жана жоопкерчиликке тартыларымды айтышты”, — деди саясатчы.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Новые лица” басылмасына берген маегинде бир катар саясатчылар, анын ичинде Равшан Жээнбеков, Жылдыз Жолдошева саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмүн өз максатында колдонуп жатканын айткан.

«Бүгүн эртең менен тиешелүү бөлүмдөргө Равшан Жээнбековду башкармалыкка алып келип, расмий түрдө жалган маалымат таратууга болбой турганы боюнча эскертүү берүүнү тапшырдым. Маселенин маңызын билбей, түшүнбөй туруп, маалымат таратуу ага терс кесепеттерди алып келиши мүмкүн», — деп эскерткен Ташиев.