Сузак районунда мугалим кол көтөргөн окуучунун апасы милицияга арыз жазды

Сузак районунда мугалим кол көтөргөн окуучунун апасы милицияга арыз жазды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө.

“Кыздын апасы алгач мугалимди кечиргенин айтып, ага карата дооматы жок экенин билдирген. Бирок, окуучу кыздын абалы оорлогондон улам апасы милицияга кайрылып, мугалимге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Эгерде жабыркаган кыздын апасы кайра тосмо арыз жазган күндө дагы экспертизанын жыйынтыгы боюнча мугалимдин аракетине юридикалык баа берилет”, — деп билдиришти милициядан.

Буга чейин социалдык тармактарда тараган видео боюнча Жалал-Абад облустук милициясы билдирүү таратып, окуянын чоо-жайы териштирилгенин жана мугалимди суракка алганын маалымдаган.