Баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды

Кара-Суу шаарында баңгизатын мыйзамсыз сатуу учурунда Ш.А.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал мурда соттолуп, Өзбекстада баңгизаттарын жүгүртүүгө катышкандыгы үчүн жазасын өтөп келген.

Алынган баңгизатынын салмагы 1 кг 718 граммды түзүп, жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында кара куурай (гашиш) экени аныкталган.

284207821 581330369943521 2159559856454406120 n Баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды

«Ошол эле күнү 1984-жылы туулган Т.Ш. аттуу жаран кармалган. Ал аталган баңгизат саткан топтун мүчөсү болгон. Анын үйүн тинтүү учурунда жалпы салмагы 75 граммды түзгөн героин табылган»,-деп айтылат маалыматта.