Сот Кумтөргө салынган айыпты жокко чыгарды

Бишкек шаардык соту «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын таштандыларды мөңгүлөргө сактоо үчүн 261,7 миллиард сом айып салуу боюнча арызын карады.

«Кумтөр Голд Компанинин» өкүлү сотто айтылган маалымат компаниянын кызыкчылыгына зыян келтириши мүмкүн болгондуктан, ишти жабык кароону суранды.

Бирок сот отурум ачык өткөнүн белгилеп, өтүнүчтү канааттандырган жок.

Соттук коллегия кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Активисттердин «Кумтөр Голд Компани» ишканасына карата дооматы четке кагылды.

Эске салсак, 2021-жылдын 7-майыда Бишкектин Октябрь райондук соту алтын өндүргөн «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом, андан тышкары, 1,3 млрд сом мамлекеттик алым төлөп берүүгө милдеттендирген. Сот иши Айбек Сарыбаев, Нарис Калчаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутмановдун

“Кумтөр голд компани” ишканасынын үстүнөн жазган арызынын негизинде башталган. Активисттер ишкананын Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнө калдыктарды топтогонун мыйзамсыз деп таанып, мамлекеттин пайдасына кенемте өндүрүп берүүнү суранышкан.

Чечимди канадалык компания Бишкек шаардык сотуна даттанган. Кийинки отурум 24-май саат 10:00гө белгиленди.