Президентке кайрылуу: “Балдарга кыргызча ысым коюлсун!”

Өзүнүн фейсбук баракчасында Мария Жумадил Президент Садыр Жапаровго жана бийликтеги бардык органдарга кайрылды.

Балдарга Кыргызча ысым коюлсун!

Президент Садыр Жапаровго, Акылбек Жапаровго, төрага Талант Мамытовго, Мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетовго кайрылуу:

Жараткан ар бир улутка өң-түс, тил, ысым, мүнөз, салт ыйгарып, бири-биринен айырымалап бөлүп тура турган касиетке ээ кылып, ар түрдүү түстөгү кооз гүлдөрдөй кылып жаратып, жасаган.Атам замандан бери миңдеген элдер ар кандай себептерден улам өзүлөрүнүн тилин, ысымын, салтын, кийим-кечесин сактабай, коргобой, кайдыгер болгондуктан диний, саясий-руханий экспансияга же согуштук басып алууларга туруштук бере албай же азгырыктарга алданып адашууларга туш болуп тарых барактарынан биротоло жок болушкан же башка элдерге сиңип кетишкен…

Азыркы учурда кыргыздар дин тутуу эркиндигин коштоп келген ислам радикализмин жайылткан диний миссионерлердин – соопчулук, кайрымдуулук ж.б. шек бербеген шылтоолор менен ачылган диний коомдордун, фонддордун акча тараткан азгырыгынын, алдап сүйлөгөн жылуу сөзүнүн курмандыгына айланып, дин аркылуу араб жана пакистан маданиятын – кийим-кечесин, ысымдарын кабыл алып, тили да, кийими да, дили да арабдашып, улут катары жоюлуп кетүү коркунучуна келип кептелди.Биз диний экпансиянын кеспети эмнеге алып келе тургандыгын коомдук ишмер, белгилүү сүрөтчү Бек Жайчибековдун котормосунда агартуучу казак боордошубуз Мамырбек Еркалиевдин терең изилдеген илимий макаласын албай, кошпой кандай болсо ошондой түрүндө мисал катары кайрылууга кошуп жазууну оң таптык:

“ИСЛАМДЫН ДҮЙНӨ ЭЛИНЕ КЫЛГАН “КЫЗМАТЫ”Ирандык, Пакистандык, Оогандык, Ирактык, Сириялык, Египеттик, Тунистик, Алжирлик, Ливиялык, Марокколук, Ливандык элдер (улуттар) тарыхта эч кандай араб болгон эмес, азыр болсо толук, же жартылай араб болуп кетишти.Байыртан тарыхта даңкы чыкканы менен, өз өркүндөгөн маданияты, жогорку цивилизациясына карабастан, бул өлкөлөр азыр башынан багы тайган, өз тарыхынан ажыраган шору бийик элдер. Алар араб болуунун, башка улутту туурап, ээрчигендиктин кайда алып бараарын, жаман экенин толук далилдеди.Түркия Ататүрктүн аркасында араб болудан кутулуп, өз улуттук мамлекетин кура алды.Бирок араб болууга жанталаш алиге чейин жалгашып келе жатат, аракет күчтүү жасалууда.Казак, Өзбек, Кыргыз, Татар, Азербайжан, Уйгур улуттары байыркы Гунндар, Сак, Түрк урпактары болуп, араб менен үч кайнаса каны кошулбай турган таптакыр теги башка эле.300 жылдык орустун кийлигиши, көзөмөлү себебинен алардын араб болуп кетиши кудай жалгап бир топ кечикти.

Ал эми көз карандысыз эгемендүү мамлекеттер курулган кезде мезгилди пайдаланып баса калган жалданма жанкечти, саткын, бузуку аалымдардан турган насаатчы-даваатчылар арабқа айландыруу процессин жанталаша баштап келип жиберди.Алар улуттук баалуулуктар менен жалпы адамзаттык баалуулуктарды түгөл жамандыкка баалап, баркын түшүрүп, арабтын баалуулуктарын туш-туштан таңуулап, мажбурлап, арабкулдукту ардактап, орусташуу процессинин ордун арабизацияга тез алмаштыргысы келип, тытына аракет кыла баштады.Эгемендикти саясий жагынан орустан алғаныбыз ырас.

Экономикалык көз карандысыздыкты, эгеменди кытайдан алуу керек! Бирок маданий жана руханий эгемендикти ата-бабабыздын салты-наркынан, үрп-адатынан алуубуз керек, Антпесе урпагыбыз сүйүнөөр, сыймыктанаар бирдиктүү эл, улут түптөй да, кура да албайбыз!

ИСЛАМДЫН АРКАСЫНДА АРАБ БОЛУП ЖОК БОЛУП КЕТКЕН ЭЛДЕР, ӨЛКӨЛӨР

Эң байыркы цивилизациянын бешиги болгон Ирандык фарсылыр араб емес эле. Исламга киргени арабка айланды.Пакистандыктар, Оогандыктар – Араб эмес эле, бирок алар да арабка айланып бара жатат.Ирактыктар – Араб эмес, эзелки Шумерлердин, Ассириялыктардын, Вавилондуктардын урпактары. Алар да арабка айланды.Сириялыктар да арабка айланды.Түркия Мустафа Кемаль Ататүрктүн аркасында араб болуудан кутулган эле, бирок так азыр акырындык менен арабка айланууда.Тунис Араб эмес, байыркы Карфаген, атактуу колбашчы Ганнибалдын урпактары. Азыр алар да Арабка айланды.Алжирликтер, Ливиялыктар, Мароккандыктар – Араб емес Туарег, болбосо Берберлердин тукуму болгон…Арабка айланып чыга келди.Ливан – Араб эмес, тарыхтагы эң мыкты деңизчи болгон Финикиялыктардын урпактары. Араб болуп ассимиляцияга учурады .Босниялыктар – Араб эмес, исламды кабылдаган Сербтер, арабка айланды. Кыргыз-Казактардын байыркы бабалары сактар, гунндар, айтылуу Алтай цивилизациясынан тараган элдердин тукуму, булар араб эмес эле. Арсыз бузуку аалымдардын аракети менен арабка айлануу процесси башталып кетти. Ал үчүн исламдын секталары туш-туштан жабылып, жан талашып жатышат. Натыйжасы кандай болоору белгилүү болду го!

”Тарыхы-илимий негиздеги макаланын автору казак элинин агартуучусу Мамырбек ЕРКАЛИЕВ.

Кыргызчага оодарган коомдук ишмер, белгилүү сүрөтчү Бек ЖАЙЧИБЕКОВ. … Жогорудагы макалага кошумчалап айтар сөз аз калды. Себеби, анда бардыгы толук жазылып, жан дүйнөсүндө элге-жерге күйгөн “данеги” бар окурманды кайдыгер калтырбайт…

ЖЫЙЫНТЫКТАП АЙТКАНДА СИЗДЕРДЕН, 1. “Өз улутун жок болуудан сактап калалы!” деген үмүт, максат менен оз учурунда патриоттук демилге кылып турмуш жүзүно ашырган өткөн кылымдын башындагы Ата Түрк Кемал Мустафанын жана азыркы кылымдагы замандашыбыз Эмоммали Рахмондун батыл тажрыйбасына таянып, улутту улут кылып жашатып турган бир белгинин бири болгон кыргызча ысымдарды чанып, танып, араб ысымдарын коё баштаган жоруктарга тыю салуу жөнүндө Жарлык, Мыйзам же Буйрук чыгарууңуздарды өтүнөбүз.