Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Б. уулу А. аттуу жалган прокурор кармалды

Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Б. уулу А. аттуу жалган прокурор кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

whatsapp image 2022 05 20 at 12 44 58 2 Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Б. уулу А. аттуу жалган прокурор кармалды

Маалыматка ылайык, шектүү өзүн прокуратура кызматкери катары тааныштырып, А.Э.Д. аттуу жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, анын уюлдук телефонун жана 50 миң сом өлчөмүндө акчасын алган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө, кармалган жаран Б.улуу А. социалдык тармактар аркылуу өзүн Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкери катары көрсөтүп, прокуратура органдарынын формалык кийимин кийип түшкөн сүрөттөрдү жайгаштырып, ошондой эле акча үчүн юридикалык маселелер боюнча өзүнүн кызматтарын сунуштап келгендиги аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.

18bcd1e5 bf7e 43fc 9deb b51ee8cf7800 Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Б. уулу А. аттуу жалган прокурор кармалды
whatsapp image 2022 05 20 at 12 44 58 3 Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Б. уулу А. аттуу жалган прокурор кармалды
4c9b3956 3e69 4436 a597 e535cd5ea8f3 Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Б. уулу А. аттуу жалган прокурор кармалды