Дүйшөнбек Камчыбеков: Кыргызстанда Казакстандын бир канча ири компаниялары иштеп келет

Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков Кыргызстанда тоо кен тармагында казактардын чоң компаниялары ишин жүргүзүп, кендерди иштетүүдө жылыштар болуп жатканын белгиледи.

“Казакстан менен бирге жасап ишке ашырып жаткан бизде көптөгөн долбоорлор бар. Алардын арасында эң чоңдору Ала-Букада жайгашкан “Бозумчак” кени, ал жерде алтын, жез жана күмүш өндүрүлүп келет. Андан сырткары бүгүнкү күндө Жамгыр алтын кенинде  алгылыктуу иш алып барып жаткан Vertex компаниясы быйылкы жылга карата да жакшы пландарды коюп, алтын алуучу фабрикасын тургузабыз деп жатышат.

Ошондой эле, кыргыз-казак мамилесиндеги чоң долбоорлордун бири Баткенде жайгашкан Бел-Алма деген көмүр кенинде да ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.

Убагында казак элинин президенти Нурсултан Назарбаев да келип, биздин Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп, кыргыз жергеси кен байлыктарга бай, аны өз пайдаңарга иштетсеңер элиңерди багып алганга мүмкүн болот деген ой-тилектер айтылган эле. Демек, бүгүнкү күндө азыр ошол иштер ийгиликтүү аткарылып жатат десек болот”.