Судья менен прокурордун орун басары пара менен кармалды

Судья менен прокурордун орун басары пара менен кармалышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

l Судья менен прокурордун орун басары пара менен кармалды

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясы А.А. жана райондук прокурордун орун басары О. Ж. 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалышты.

Жумгал районунун судьясы А.А. райондун прокурорунун орун басары менен биргелешип, Х.Д. аттуу жарандан ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу беренеси менен айыпталган анын жакын тууганына карата сотто ишти кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн 50 миң сом өлчөмүндөгү пара талап кылышкан.

Прокурордун орун басары убактылуу кармоо жайына киргизилди.