Россияда кыргызстандык мигранттардын арасынан баңгизат менен алектенген 224 адам кармалган

Россия Федерациясында 2021-жылы кыргызстандык мигранттардын арасынан баңгизат менен алектенген 224 адам кармалган. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай учурлар жыл сайын көбөйүп жатат.

“2021-жылы жалпы 3908 иш катталса, анын ичинен 224 учур баңгизат иштерине байланыштуу. Тилекке каршы мындай учурлар жыл сайын көбөйүп жатат. 2020-жылы 110 учур катталса, 2019-жылы 74 учур болгон.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүктөрү диаспоралар менен биргеликте маалымат иштерин жүргүзүп жатышат. Иш берүүчү ири компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, видео роликтерди беришти. Кечээ жакында консулдук бөлүмдүн башчысы Алмаз Букалаев ИИМдин баңгизат менен каршы күрөшүү кызматынын башчысы менен жолугуп, бул багытта сүйлөштү”, — деди Азизбек Мадмаров.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров Кыргызстандын аймактарынан кайрылуулар келип жатканын жана жаштар тезирээк каражат табуу максатында алданып же маалыматтын жоктугунан улам баңгизат иштерине аралып жатышканын билдирди.